Улуттук ар-намыстын уюткусу – эне тил

23.09.2019

“Айыл Банк” ААКсында 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата, ошондой эле Банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-июлундагы №35/3 токтому менен бекитилген “Айыл Банк” ААКсында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын 16-пунктунун талабын аткаруу максатында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы зарылчылыгы, анын коом турмушунда, анын ичинде банк системасынын ишинде ээлеген орду, мындан ары бул багытта аткарылуучу иштер тууралуу банк жетекчилигинин, бөлүм башчыларынын жана жалпы эле кызматкерлердин катышуусуна тегерек стол маеги өткөрүлүп,

улуттук каада-салттар, адеп-ахлактык асыл нарктар, эне тилдин улуулугу тууралуу кеңири баяндама берилип, банк кызматкерлери мамлекеттик тил саясатынын жүзөгө ашырылышынын жүрүшү, 30 жыл ичинде бул багытта жетишилген ийгиликтер, орун алып жаткан калпыстыктар тууралуу ой-бөлүшүп, келечек пландар талкууланып, уюткулуу улут тили бүтүндөй банк системасында, анын ичинде “Айыл Банк” ААКсында биримдикти, ырыс-алды ынтымакты бекемдөөгө, корпоративдик духту чыңдоого өбөлгө түзүү менен өзүнүн тарыхый вазийпасын аткарып, татыктуу орунду ээлөөгө тийиш экендигин баса белгилешти.

Банк кызматкерлери бул күнү улуттук кийим-кече кийип, мамлекеттик тилде гана баарлашып, майрамдык маанай менен иш-чараны көркүнө чыгарып, колдоого алуу менен кыргыз эли басып өткөн тарыхый жол, бүгүнкү күндү бизге тартуулап, келечек үчүн чыйыр жол салган өмүрү өрнөк, айткандары сабак, аткарган иши үлгү болгон чыгаан инсандар, кыргыз маданиятынын, искусствосунун басып өткөн жолу, улуттук символиканын бирине айланган улуттук валютанын жаралуу тарыхы, банкнот беттерине элеси түшүрүлгөн улуу инсандар тууралуу маалыматтар камтылган, экономиканын күрөө тамырынан болгон банк системасынын басып өткөн жолуна арналган мына ушундай семинарларды мезгил-мезгили менен өткөрүп туруу ниетин билдиришти.

← Тизме боюнча артка