«Айыл Банк» ААКтын акционерлеринин Жылдык Жалпы жыйналышы өткөрүлдү.

30.03.2016

2015-жылы Айыл Банк жакшы жыйынтыктарга жетти, 2016-жылдын 1-январына карата банктын активдери 16,4 млрд. сомду түздү, насыя портфелинин өлчөмү 10,1 млрд. сомду түздү. Ошону менен бирге, насыяларды кайтарып берүү деңгээли - 99% түздү. 2015-жылдын ичинде Банктын накта кирешеси, 2014-жылга караганда 16,5 млн. сомго көбөйүп, 251,0 млн сомду түздү.

Акционерлердин жалпы чогулушу 2015-жыл үчүн накта кирешени төмөнкүдөй бөлүштүрүү чечимин кабыл алды:
- 35 пайызды, “Айыл Банк” ААКтын жөнөкөй акциялары боюнча дивиденддерди төлөп берүүгө жиберүү;
- 49,78 пайызды, “Айыл Банк” ААКтын жүгүртүүдөгү жөнөкөй акциялардын санын көбөйтүүгө жиберүү;
- 10,08 пайызды, “Кумтор-Чакан” насыя продуктысынын өнүктүрүү Фондуна жиберүү;
- 5,14 пайызды, Лизингди өнүктүрүү Фондун толуктоого жиберүү.

Ошону менен бирге, “Айыл Банк” ААКтын чыгарылган жөнөкөй акцияларынын жалпы саны 192 312 экземплярды түздү, бир акциянын номиналдуу наркы 10 000 сом болду, жыйынтыгында уставдык капитал 1 922 310 000 сомду түздү.

Мындан тышкары, төмөнкү маселелер каралды:
- 2015-жыл үчүн “Айыл Банк” ААКтын каржы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө Башкармалыктын отчету жана 2015-жыл үчүн “Айыл Банк” ААКтын кирешелеринин жана чыгашаларынын балансы жана эсептери боюнча ишмердүүлүктүн жылдык жыйынтыктары бекитилди.
- 2015-жыл үчүн “Айыл Банк” ААКтын каржы отчеттуулуктун аудитинин жыйынтыктары боюнча тышкы аудитордун корутундусу каралды.
- “Айыл Банк” ААКтын Уставынын жаңы редакциясы бекитилди.
- “Айыл Банк” ААКтын Бюджеттөө жөнүндө жобосу бекитилди.
- “Айыл Банк” ААКтын Директорлор кеңешинин аткарылган иштери жөнүндө отчету бекитилди.

Жыйналышта “Айыл Банк” ААКтын төмөнкү курамындагы Директорлор кеңеши шайланды:
- Маматов Кайрат Адамкалиевич;
- Кулов Темирбек Асаналиевич;
- Атакулов Абай Болотбекович;
- Омуралиев Канатбек Эсенгулович;
- Мамытов Нурлан Токтобекович.

Ошондой эле төмөнкү курамында Аудит боюнча комитет шайланды:
- Атакулов Абай Болотбекович;
- Кулов Темирбек Асаналиевич;
- Мамытов Нурлан Токтобекович.

2016-жылга тышкы аудитор болуп «КПМГ Бишкек» ЖЧК шайланды , ошондой эле 2016-жылга карата Айыл Банктын Бюджети бекитилди.

← Тизме боюнча артка