Айыл Банк Москва биржасынын валюталык базарында операцияларды жүргүзүп баштады.

31.03.2016

Москва биржанын валюталык базарында ишке ашырылган SMA кирүү технологиясы (Sponsored Market Access), кардарга берүү үчүн спонсорлонгон кирүүнүн (SMA-ID) атайын идентификаторлорду соодалоонун катышуучуларына берүүнү уюштурууга мүмкүнчүлүк берет. SMA-ID жардамы менен соодалоонун катышуучуларынын кардарлары валюталык базардын соода тутумуна тапшырмаларды түз бере алышат. Ушул тапшырмалардын негизинде табыштамалар түзүлөт жана соодалоонун катышуучуларынын атынан, бирок кардарлардын кызыкчылыгында жана алардын эсебинен, бүтүмдөр түзүлөт. Ушул технологиялар, биржалык базардын кардардык базасын, анын ичинде Евразилык экономикалык союзунун (ЕАЭС) өлкөлөрүнөн резидент эмес- кардарлардын саны өскөндүн эсебинен, кеңейтүүгө багытталган, ал ЕАЭСтин валюталык базарынын өнүгүүсүнө көмөктөшөт.

“Төлөм борбору” Эсептешүү банктык эмес насыялык уюм (ЖЧК), РФ ББнын №3166-К лицензиясы. “Төлөм борбору” ЭБНУ (ЖЧК) “Золотая корона” төлөм тутумунун оператору жана эсеп борбору болуп саналат, ошондой эле “Шаар” Федералдык тутумунун банктар аралык эсеп борборунун иш-милдеттерин аткарат. “Төлөм борбору” ЭБНУ “КартСтандарт” процессинг борбору менен биргелешип, ассоциацияланган/ биригишкен катышуучу статусунда, Visa жана MasterCard төлөм тутумдарына насыялык уюмдардын кирүүсү жана мындан аркы катышуусу боюнча спонсордук колдоону сунуштайт. толук маалымат www.rnko.ru.

“Москва биржасы” тобу, акцияларды, облигацияларды, жасалма куралдарды, валютаны, акча базарынын куралдарын жана товарларды сатуу боюнча Россиядагы жалгыз көп функционалдуу биржалык аянтын башкарат. Топтун курамына борбордук депозитарий (“Улуттук эсептешүү депозитарий” ЖЧК БНУ), ошондой эле базарларда борбордук контрагенттин милдеттерин аткарган клиринг борбору (“Улуттук Клиринг Борбору” Банкы) кирет, ал Москва биржасына кардарларга соода жана пост-трейдинг кызматтарынын толук көлөмүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Москва Биржасы, сатылып жаткан акциялардын суммардык капиталдаштыруусу боюнча дүйнөнүн алдыңкы фондулук аянттарынын 25-тобуна кирет, ошондой эле облигациялардын жана мөөнөттүү контракттардын сатылган көлөмү боюнча он ири аянттардын ичине кирет. Мындан толук маалымат www.moex.com.

Кошумча маалыматка Москва биржасынын пресс-кызматына кайрылсаңыз болот (PR@moex.com).  

← Тизме боюнча артка