«Айыл Банк» ААКсы коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө жардамын улантууда

10.07.2020

"Айыл Банк" ААКсы  Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук Ооруканага кычкылтек концентраторлорун сатып алууда кайрымдуулук жардамын көрсөттү жана 500 миң сомду аталган медициналык мекеменин эсебине которду.

Бүгүнкү күндө бул жерде коронавирустук инфекциясы бар пациенттер жана пневмония менен ооруган адамдар медициналык жардам алышат.

Кычкылтек концентратору концентрациялап, кычкылтекти нымдап, дем алуусу бузулган бейтапка жеткирет. Бул адамдын денеси алсырап, каны кычкылтек менен каныкпай калганда керек болот, башкача айтканда, аз каныккандык байкалат. Covid-19 инфекциясынын жайылышы шартында, бул аппарат өтө зарыл. Кычкылтек концентраторлору адамдардын өмүрүн сактоого жардам берет - биздин жакындарыбызды жана досторубузду.

”Айыл Банк" ААКсы медицина кызматкерлерине азыркы учурда эң керектүү шайман сатып алуу менен жардам берүүнү чечти.

Андан тышкары, Банктын кызматкерлери тарабынан, Кыргызстандын бардык аймактарындагы ооруканаларга жардам берүү үчүн мобилдик каражат чогултуу кампаниясы уюштурулган.

Жаңылыктарга көз салыңыз.

← Тизме боюнча артка