Карызгерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча маанилүү маалымат

20.11.2020

Айыл Банк” ААКсынын урматтуу кардарлары,

Кыргыз Республикасынын финансы-кредит уюмдарынан (ФКУ) кредит алып, бирок ааламды жапырт каптаган COVID-19 таажы илдетинин кесепетинен улам келип чыккан эпидемиологиялык жана социалдык жагдайга байланыштуу оор экономикалык абалга туш болгон карызгерлерди мамлекеттик колдоого алуу, ошондой эле өлкөнүн банк жана финансы системасынын туруктуу ишин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы №552 токтому менен карыз алуучуларды кредиттер боюнча пайыздарды төлөөдөн бошотуу чечими кабыл алынган.  

Пайыздарды төлөөдөн бошоттуу төмөнкү параметрлер боюнча ишке ашырылат:

1. 2020-жылдын 1-октябрына чейин баштапкы суммасы 100 000 (жүз миң) сомдон ашпаган суммадагы кредит алган карыз алуучулар;

2. Карыз алуучулар үч ай, б.а. 2020-жылдын декабрь айынан 2021-жылдын январь-февраль айлары үчүн чегерилген пайыздарды гана төлөөдөн бошотулат;

3. Бир карыз алуучу бир кредити боюнча гана пайыздарды төлөөдөн бошотулат (бир карыз алуучу-бир кредит);

4. Пайыздарды төлөөдөн бошотуу реестрине катталуу үчүн карыз алуучулар 2020-жылдын 5-декабрына чейин кат жүзүндө өтүнүч менен ошондой эле, электрондук байланыш каналдары аркылуу (электрондук почта, WhatsApp) Банкка кайрылууга тийиш;  

5. Эгерде карыз алуучу бир нече ФКУдан (катар кредит) алган болсо, ал Банктан билдирме алгандан кийин өз ыңгайына жараша кредитор болгон бир ФКУга гана өтүнүч кат же электрондук байланыш каналдары аркылуу пайыздарды төлөөдөн бошотуу ресстрине катталуу үчүн кайрылууга тийиш.  

Кредит боюнча пайыздарды төлөөдөн бошотуу ниети камтылган өтүнүч каттарды Банк адисинин төмөнкү шилтемелерде көрсөтүлгөн WhatsApp номерине жөнөтүүгө болот.  

 

 

← Тизме боюнча артка