«Айыл Банк» ААКсы чакан жана орто бизнести колдоого алуу максатында 2020-жылдын 8-декабрынан 2021-жылдын 28-февралына чейин «Жаңы жыл» акциясын өткөрө тургандыгын маалымдайт.
Акцияда төмөнкү продукттар боюнча пайыздык ченди төмөндөттүү:
- «Чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү – Соода жана кызмат көрсөтүүлөр»;
- «Тиричилик» (керектөө кредиттери).
Мына ушул продукттар боюнча пайыздык чен сом менен жылдык 18 (он сегиз), ал эми АКШ долларында жылдык 10 (он) пайыз чегинде белгиленген.
*Натыйжалуу пайыздык чен сом менен - 19,81%, АКШ долларында -10,80%
Акцияга тиешелүү суроолор боюнча Айыл Банктын жакын жайгашкан бөлүмдөрүнөн же болбосо (0 312 68 00 00) телефон номери аркылуу кеңири маалымат алууга болот.