«БЕРЕКЕ» акча которуулар тутумунун жаңы катышуучулары: «МФК «ИНКОМ» ЖАК жана «Инвестициялык Банк «Чанг Ан» ААК.

05.06.2016

 «Инвестициялык Банк «Чанг Ан» ААК

  • Башкы офис, Бишкек ш., Иса Ахунбаев көч., 48/1.

«МФК «ИНКОМ» ЖАК:

  • Башкы офис, Бишкек ш., Киевская көч., 155-3;
  • Ош филиалы, Ош ш., Масалиев пр., 51-2;
  • Каракол филиалы, Каракол ш., Токтогул көч., 179, 2-кабат.

«БЕРЕКЕ» акча которуулар тутумунун пайдалануучулары, «Капитал Банк» ААК, «Евразия Аманат Банкы» ААК, «Дос-Кредобанк» ААК, «Кыргыз Инвестициялык-Насыялык Банкы» ЖАК, «Кыргыз-Швейцариялык Банк» ЖАК, «Кыргызкоммерцбанк» ААК, «Инвестициялык Банк «Чанг Ан» ААК, «МФК «ИНКОМ» ЖАК  жана  «Айыл Банк» ААК бөлүмдөрү аркылуу бүтүн Кыргызстан боюнча акча которууларды тез жөнөтүүгө жана алууга мүмкүнчүлүк алышты.

«БЕРЕКЕ» тутумунун пайдалануучулары, банк эсебин ачпастан, Кыргызстандын бүтүн аймагы боюнча акча которууларды тез жөнөтүүгө жана алууга мүмкүнчүлүк алышты. “БЕРЕКЕ” тутуму боюнча которуу үчүн жөнөтүүчү болгону паспортту көрсөтүшү керек, ал эми алуучу -  паспортту көрсөтүп, которуунун кодун айтышы керек.

Жөнөтүүчүлөр үчүн “БЕРЕКЕ” тутумунун артыкчылыгы болуп, биринчи ирет, которууну жөнөтүүгө арзан тариф, коопсуздук жана которуу алуучуга жетет дегенге 100%дык ишеним саналат.

← Тизме боюнча артка