Этият болуңуздар, шылуундар!

18.03.2021

Урматтуу кардарлар, алдамчылыкка баруунун дагы бир жаңы ыкмасы пайда болгондугу тууралуу Сиздерге эскертип кетүүнү туура көрдүк.

Акыркы учурларда айрым бир шылуундар маалымат берүү борборлорунун номерлерине жашыруун туташып алып, банк кызматкерлери катары кардарларга телефон чалып, акча каражаттарын алдоо жолу менен чыгарып кетүү максатында карт боюнча операция жүргүзүүнү өтүнүп, кайрылган учурлар кездешүүдө.

Ошондуктан, жат бирөөлөрдүн кызыкчылыгынын курмандыгы болуп калбас үчүн телефон чалуулар боюнча картка тиешелүү купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоону, карт боюнча эч кандай операция жүргүзбөөнү, карттар/эсептешүү эсебинен колл-борбордон чалып жатабыз деген шартта да, которууларды ишке ашырбоону өтүнөбүз.

Анткени, банк кызматкери эч качан карт номерин талап кылып телефон чалбайт!

Айыл Банк ошондой эле, интернет аркылуу тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууда да алда канча этият болууну, интернет аркылуу он-лайн сатып алуу/сатуу, жеткирип берүү кызматтарынан пайдалануучулар төлөм карттарынан алдамчылыкка баруу менен акча чыгарып кетүү жагдайлары күчөп жаткандыгын эске алууга тийиш экендигин эскертип кетет.

Айрыкча, төмөнкүлөргө көңүл буруу зарыл:

  • электрондук почта, мессенджер, чаттар жана социалдык түйүндөр аркылуу белгисиз бир жарандар жөнөткөн шилтемелерге кирбөөнү,
  • жеке карт номерин (карт номерин, колдонуу мөөнөтүн, CVV) купуя сактоону,
  • кимдир-бирөөнүн өтүнүчү менен картка тиешелүү маалыматтарды жөнөтүүдөн, карт боюнча операцияларды ишке ашыруудан алыс болууну өтүнөбүз.

Оңой жол менен акча табууну көздөгөндөр бул маалыматтарды пайдалануу менен карт эсебинен акча чыгарып кетиши ыктымалдыгын эстен чыгарбоону суранабыз.

Анткени, сактыкка - кордук жок!

← Тизме боюнча артка