Президент Айыл Банктын, РСК Банктын жана Кепилдик Фондунун Башкарма төрагаларын кабыл алды

24.03.2021

пресс релиз

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта «Айыл Банк», «РСК Банк» жана «Кепилдик фонду» ачык акционердик коомдорунун башкармалыктарынын төрагалары Улан Букабаев, Азизбек Оморкулов жана Малик Абакировду кабыл алды.

Алар 2020-жылда долбоорлорду каржылоого жана жеңилдетилген насыяларга бөлүнгөн каражаттардын көлөмү тууралуу маалымат беришти.

2020-жылы «Айыл Банк» тарабынан 12,8 миллиард сомго 52 043 насыя берилген. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 779 миллион сомго көп. Анын ичинен 10,3 млрд сом облустардагы долбоорлорду каржылоого багытталган.

Маалыматка караганда, каржылоонун көпчүлүк бөлүгү айыл чарба, кайра иштетүү жана өнөр жай тармактарындагы долбоорлорго жумшалган.

Президент Садыр Жапаров былтыр өлкөдөгү социалдык-экономикалык оор кырдаалга карабастан, банк системасында салыштырмалуу туруктуулук байкалганын белгиледи.

Ошол эле учурда өнөр жай тармагына азыраак насыя бөлүнгөнүн, насыяларды бирдей бөлүштүрүүнү тапшырып, аймактардагы ишкерлерге берилген кепилдиктер азайганын белгиледи.

Жапаров 2021-жылдын 8-февралында жарыяланган «Финансы рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, финансы рыногун санариптештирүү процессин тездетүүнү тапшырды.

← Тизме боюнча артка