"Айыл Банк" ААКсынын Башкарма төрагасы Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун Башкарма Төрагасы менен жолугушту

31.03.2021

31-март 2021-жылы Башкарма төрагасы Улан Букабаев жана "Айыл Банк" ААКсынын экономикалык консультанты Жыргалбек Касымов Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун Башкарма Төрагасы Азиз Аалиев менен жолугушту.


Бул жолугушууда Банк менен Фонддун ортосундагы мамилелердеги жылыштар, ошондой эле Фонддон ачык кредиттик жана лизингдик линиялардын алкагында каржылоо жаатында өз ара пайдалуу кызматташтык жөнүндө, ошондой эле биргелешкен иш-аракеттер, жана айыл чарбанын биргелик кластердик өнүгүүсү жөнүндө пикир алмашуу болду.

← Тизме боюнча артка