Жаңы АБС колдонууга киргизип жаткандыгына байланыштуу«Айыл Банк» ААКсынын кеңселеринин иш ыргагы өзгөрдү

23.04.2021

Урматтуу кардарлар, Банк жаңы Автоматташтырылган банк системасын колдонууга киргизип жаткандыгына байланыштуу кеңселеринин иш ыргагы (графиги) өзгөргөндүгү тууралуу маалымдайбыз:

- 2021-жылдын 30-апрелинде кардарларды тейлөө саат 12.00дө жыйынтыкталат;

- 2021-жылдын 3-май күнү иш күнү эмес,

- 2021-жылдын 4-майынан тартып иш процесси мурдагы ыргакта улантылат,

-2021-жылдын 10-майына чейин кечки кассалар кардарларга кызмат көрсөтүүнү токтотот.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түптөлгөн жагдайга түшүнүү менен мамиле кылат деген ишеничтебиз.

← Тизме боюнча артка