Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду (ОКӨФ) “Айыл Банк” ААКка $10,0 млн. суммасында кошумча насыя ресурстарын бөлүп берди.

11.07.2016

Ушул каражаттар чакан жана орто бизнестин долбоорлорун колдоого жана лизинг операцияларын каржылоого жөнөтүлөт. “Айыл Банк” ААКты кошумча каржылоо жөнүндөгү келишимге 2016-жылдын 11-июлунда кол коюлду.

 

Катышуучулар: ОКӨФ Башкармалыгынын Төрагасы К.Кулматов

                             “Айыл Банк” ААК Башкармалыгынын Төрагасы Б.Жеенбаева

“Айыл Банк” ААК чакан жана орто бизнестин субъектилерин каржылоо программасы боюнча Фондунун биринчи шериктештеринин бири болуп саналат. ОКӨФ менен “Айыл Банк” ААКтын ортосунда биринчи насыялоо келишими 2015-жылдын 2-сентябрында түзүлдү. Азыркы учурга банк 600,0 млн. сом суммасына биринчи насыяны толугу менен өздөштүрдү. 350,0 млн. сом суммасына экинчи насыя дагы аяктап калды.

 “Айыл Банк” ААК насыя берген табыштамаларынын негизги үлүшү:

•    агросектор  - 39,8 %;

•    иштетүүчү өнөр жай - 39,4 %;

•    тоо кендерин казып чыгаруу жана металлургия өнөр жайы - 4,5 %.

 

“Айыл Банк” ААК боюнча чакан жана орто бизнестин аймактык камтуусу:

•    52 % - Чүй аймагы жана Бишкек шаары;

•    32 % - Ош жана Жалал-Абад облустары;

•    3,3 % - Ысык-Көл аймагы;

•    12,7 % - Талас, Баткен жана Нарын облустары.

http://www.rkdf.org/ru/novosti/novosti_fonda/173_rossiysko_kirgizskiy_fond_razvitiya_rkfr_videlil_oao_ayil_bank_dopolnitelnie_kreditnie_resursi_na_summu_100_mln_

← Тизме боюнча артка