Ар бир үй-бүлөнүн олуттуу мааниге ээ болгон документтер, баалуу кагаздар, баалуу металлдардан, асыл таштардан жасалган зер буюмдар сыяктуу ишенимдүү сактоого алынууга тийиш болгон буюм-заттары болот эмеспи. Аларды кантип жашыруун сактоого болот? Үй сейфиндеби? Кимдир-бирөө салынгандары менен кошо аны уурдап кетиши мүмкүн да. Ошондуктан, Айыл Банкы мындай көйгөйлүү маселени чечүүнүн эң эле ишенимдүү ыкмасын - банктык сейфтерден пайдалануу ыңгайын сунуштоо менен бирге эле, 2021-жылдын акырына чейин сейфтерди ижарага берүүдө тарифтерди 50%га төмөндөтүү шартын караштырган.
Банктын Кардарларды тейлөө башкармалыгынын башкы адиси Талгатбек Баимбетов менен маегибизде ал кызмат көрсөтүүнүн бул түрү боюнча толук маалыматты сунуштап, кеңири түшүндүрмө берген.
Банктык сейф (кутуча) жана анда эмнелерди сактоого болот?
Банктык сейф – бул, банк кеңсесинде жайгашкан, баалуу буюмдарды, акча каражатын, зер буюмдарды, коллекциялык монеталарды ишенимдүү сактоо үчүн каралган, ар бир кардарга өз-өзүнчө ижарага сунушталуучу кутуча. Анда кардар менен түзүлгөн келишимдерде көрсөтүлгөндөрдөн башка нерселерди, буюмдарды сактоого жол берилбейт, атап айтканда:
ууландыруучу заттарды;
Сейфте баалуулуктарды канча убакыт сактоого болот?
Бул шарт кардарлар менен түзүлгөн келишимде белгиленүүгө тийиш, б.а. 1 күндөн тартып, узак убакытка чейин жеке сейфтерди ижарага алууга болот. Ижара мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген шартта Банктын эскертүүсү менен келишим мөөнөтүн андан ары узартууга жол берилет.
Ижара наркы канча?
Сактоо мөөнөтү канчалык узак болсо, ижара төлөмү ошончо арзанга турат.
Сейфти кантип ижарага алууга болот?
Туугандар камерага кире алабы?
Келишим түзүүдө сейфке кирүүгө дагы бир ишенимдүү адамга ишеним катты тариздетип коюу оң. Ишеним катты кардардын өтүнүч боюнча Банктын өзү тариздеши мүмкүн же болбосо нотариус аркылуу күбөлөндүрүүгө жол берилет.
Бул боюнча кошумча маалымат алуу учун төмөнкү телефон номерине кайрылууну өтүнөбүз:
0 (312) 622 313
0 (312) 300 825