Айыл Банк Башкармалыктын жана филиалдардын башкармаларынын катышуусу менен Директорлор кеңешинин кеңейтилген отурумун өткөрдү.

25.07.2016

Отурумда 2016-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн иш каралып жыйынтыкталды.

Акыркы жылдары Банк өз ишинде жакшы жыйынтыктарга жетти:
30.06.2016-жылга карата банктын активдери былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 1,4 эсе көбөйүп, 17,3 млрд сомду түздү;
насыя портфелинин көлөмү 2015-жылдын ушул мезгилине караганда 1,25 эсе көбөйүп, 11,5 млрд сомду түздү. Ошону менен бирге насыялардын кайтарып берилиши 98,3%дан ашуун болду.

Отурумда банк тутумундагы заманбап технологияларына жана жаңылыктарына негизги көңүл бурулду. Ошондой эле эң маанилүү маселелердин бири, бөлүнгөн каражаттардын өздөштүрүүсүн тездетүү үчүн калктын насыялоосун өбөлгөлөө жана насыя ресурстардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларды көрүү (пайыздык чендерди төмөндөтүү, насыяларды берүүнүн жол-жоболорун жеңилдетүү, филиалдарга насыялоо маселелеринде кошумча ыйгарым укуктарды берүү) болду.

Ошондой эле банктын кардарга карата багыттуулугун деңгээлин жогорулатуу боюнча жана бекитилген бизнес-планга ылайык, ири корпоративдик кардарларды тартуунун эсебинен, банктын мындан аркы кирешесин өстүрүү боюнча чараларга көңүл бурулду.

Кеңейтилген отурум келечекке пландарды жана долбоорлорду белгиледи. Банктын туруктуу өсүшү жана коюлган максаттарга жетүүсү үчүн банктын бөлүмдөрү насыя продуктылардын жеткиликтүүлүгүнө, ресурстук базаны көбөйтүүгө, улуттук валютасында жаңы депозиттерди тартууга, экономиканын секторун насыялык колдоого, чет өлкөлүк инвестициялардын тартуусуна көмөктөшүүгө, Банктын коопсуздук ишинин ченемдерин сактоого негизги көңүлдү бурушу зарыл.

​​

← Тизме боюнча артка