«Айыл Банк» ААКсы өз кардарлары үчүн "AБ24" мобилдик тиркемесин колдонууга сунуштайт, бул ыңгайлуулук аралыктан туруп банктык тейлөөдөн пайдалануунун ишенимдүү мүмкүнчүлүгү.
"AБ24" мобилдик тиркемеси – бул, күн ичинде 24 саат, ал эми жума ичинде 7 күн бою мобилдик телефон аркылуу банктык эсептеги акча каражаттарын көз ирмем аралыгында, коопсуз жана ыңгайлуу шартта тескөөгө алууга өбөлгө түзгөн аралыктан банктык тейлөө платформасы.
"AБ24" аркылуу кардарлар банк кеңселерине келип отурбастан эле, кайсыл болбосун убакытта финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Кардарлар үчүн тиркеме аркылуу кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылат, атап айтканда:
1.Бир эле учурда дароо бир нече эсептерге – эсептешүү жана депозиттик эсептерге ( ээси көрсөтүлбөгөн металл эсебин кошо алганда), төлөм карттар, акча каражаттарына көз салып контролдоо жана эсептердеги калдыктарды текшерүү системасына туташуу;
2. Талап боюнча төлөнүүчү эсептерин, мультивалюталык жана депозиттик эсептерди, кредит алууга билдирмелерди онлайн шартында ачуу жана сунуштоо;
3. Банк кардарлары ортосунда алуучунун эсеп, карт же телефон номерлери боюнча акча которуулар;
4.Кыргыз Республикасынын кайсы болбосун банкынын Элкарт картына акча которуулар.
5. Эсептер, карттар ортосунда акча которуулар, депозиттик эсепти толуктоо;
6. Эсептен Кыргыз Республикасынын кайсы болбосун коммерциялык банкынын эсебине улуттук валютадагы клиринг жана гросс төлөмдөрдү ишке ашыруу;
7. Юридикалык жактарга которуулар жана SWIFT системасында чет өлкө валютасында банктар аралык которуулар;
8.Кыргызстан жана Өзбекстан жарандары - жеке адамдары үчүн "Береке" системасы аркылуу акча которуулар;
9. Жеке адамдар үчүн Contact, Zolotaya Korona, Unistream ж.б сыяктуу эл аралык акча которуу системалары аркылуу которуулар;
10. Валюталар жана баалуу металлдар боюнча курстарга (катыш) тиешелүү маалыматтарды алуу;
11. Салык төлөмдөрү, мобилдик байланыш, коммуналдык төлөмдөр, интернет жана кызмат көрсөтүүнү сунуштоочуларга 800дөн ашуун төлөмдөр;
12.Жакын жайгашкан тейлөө пункттар жана банкоматтар дареги боюнча маалыматтарды алуу;
13. Төлөөлөрдү тез арада, оңой ишке ашыруу үчүн төлөм үлгүлөрүн (шаблон) түзүү;
14.Биометрикалык маалыматтар (бармак басты, FaceID) боюнча операцияларды тастыктоо;
Мындан тышкары, бул тиркеме аркылуу финансылык каражаттар эсебин каттап, алардын чыгымдалышын көзөмөлдүккө алууга да болот.
"AБ24" тиркемесине кантип туташууга болот:
Системада эки факторлуу жана биометрикалык аутентификациялоо шарты, ошондой эле Face ID жана бармак басты, убактылуу коддор (sms, push) аркылуу биометрикалык тастыктоо өзгөчөлүгү камтылган.
Аралыктан туруп банктын тейлөөгө алуу ыңгайлуулугу билдирмелер аркылуу маалымдоого жана Банк тарабынан сыяктуу эле, кардар тарабынан операциялар жана банктык продукттар боюнча лимиттерди аныктоого мүмкүндүк берет.
Айыл Банктын негизги милдети - 24/7 аралыгында төлөмдөрдү тез арада ишке ашырып, банк операцияларын жүргүзүү аркылуу Кыргызстандын финансы рыногунда өз ордун бекемдөө.