Айыл Банк жаңы сактам кассасын жана аймактык бөлүмдү ачты.

27.09.2016

Ушул бөлүмдү ачуунун негизги максаты, кардарларды мындан дагы сапаттуу жана натыйжалуу тейлөө болуп саналат. Банктын жаңы кеңсеси Тулейкен, Мады, Папан, Шарк, Нариман, Кызылкыштак, Катта-Талдык айыл аймактарынын тургундары үчүн абдан ыңгайлуу болду. Ушул айыл аймактарынын тургундарына банк кызматтары менен пайдаланууга мындан дагы ыңгайлуу болуп калды. Жаңы бөлүм заманбап технологиялары менен жабдылган жана банк кызматтарынын бардык түрлөрүн көрсөтөт.

Кардарларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Айыл Банк Кара-Суу районунун Фуркат айылында жаңы сактам кассасын жана аймактык бөлүмдү ачты. Ушул бөлүмдү ачуунун негизги максаты, кардарларды мындан дагы сапаттуу жана натыйжалуу тейлөө болуп саналат. Банктын жаңы кеңсеси Тулейкен, Мады, Папан, Шарк, Нариман, Кызылкыштак, Катта-Талдык айыл аймактарынын тургундары үчүн абдан ыңгайлуу болду. Ушул айыл аймактарынын тургундарына банк кызматтары менен пайдаланууга мындан дагы ыңгайлуу болуп калды. Жаңы бөлүм заманбап технологиялары менен жабдылган жана банк кызматтарынын бардык түрлөрүн көрсөтөт.

Банкын аймактык бөлүмү 01.09.2016ж. баштап насыяларды кубаттоого жана берүүгө ыйгарым укукту болду. Бул жогорудагы айыл аймактарынын фермерлерине насыяларды кыска мөөнөттүн ичинде алууга мүмкүнчүлүк түздү.

Жаңы бөлүмдөн насыяны алган биринчи кардар өзүнүн ойлору менен бөлүштү: “Мен Мады айыл өкмөтүнүн Кыргызчек айылында турам. Банк бизге ыңгайлуу болгон жерге жаңы бөлүмдү ачып, кардарлары жөнүндө кам көргөнүнө кубанычтамын.  Мен табыштаманы жана документтерди бергенден кийин бир күндөн кийин эле насыяны алдым. Абдан ыкчам. Банкка ушундай ыңгайлуулук үчүн ыраазычылык билдирем”.

Бүгүнкү күнгө Айыл Банктын аймактык тармагы Кыргызстандын бардык облустарын камтыйт. Айыл Банктын 32 филиалы, 65 сактам кассасы жана 34 келип-кетүүчү кассасы, райондордо 20 насыялоо бөлүмү жана алыскы райондордо 31 насыялоо бөлүмү бар.

Сактам касса төмөнкү дарек боюнча жайгашкан: Ош облусу, Кара-Суу району, Фуркат айылы, Ташлак уч., н/ж.

Сактам касса жумасына 6 күн иштейт, иш күндөрү саат 8:30дан 17:30га чейин (кардарлар менен иш саат 8:30дан – 16:00гө чейин), ишемби күнү – эсептешме-кассалык тейлөө саат 9:00дөн 12:00гө чейин. Банктын бөлүмдөрү менен байланыш телефондору: (312) 29 16 10, (3222) 3 43 46.

 

← Тизме боюнча артка