Айыл Банктын 20-жылдыгына карата Ачык эшиктер күнү!

27.09.2016

Урматтуу Айыл Банктын коноктору!

         2016-жылдын 3-октябрында саат 8:00дөн 16:30га чейин Айыл Банктын 20-жылдыгына карата Ачык эшиктер күнү болуп өтөт. Ушундай иш чаралар, өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан, Банктын бардык филиалдарында жана сактам кассаларында бир убакытта өткөрүлөт.

            3-октябрь күнү, Бишкек шаары Пушкин көч. 50 – дареги боюнча жайгашкан Банктын Башкы кеңсесинде студенттерден бир нече топ уюштурулат. Банктын кызматкерлери аларга мекеменин тарыхы жөнүндө, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иши жөнүндө айтып беришет. Иш чаранын жүрүшүндө бардык каалоочулар үчүн Банк боюнча саякат уюштурулат. Эртеден кечке чейин банк консультанттары конокторду кызыктырган суроолорго жооп беришет. Алар Айыл Банктын тейлөө кызматтары жана продуктылары жөнүндө конокторго толук маалымат беришет.

← Тизме боюнча артка