«Айыл Банк» ААКсы  аффинаждалган алтын куймаларды сатып алууну сунуштайт

11.03.2022

«Айыл Банк» ААКсы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган аффинаждалган алтын куймаларды сатып алууну сунуштайт. «Айыл Банкта» 1, 2, 5, 10, 31,1035 (троя унциясы) жана 100 граммдык куймалар сатылууда.

Алтын куймаларын сатып алуу – инвестициялоонун эң ишенимдүү жана эң натыйжалуу жолу. Алтын куймаларына инвестициялар биринчи кезекте узак мөөнөттүү сактоого багытталган. Валюта рыногундагы туруксуздук мезгилинде көпчүлүк инвесторлор алтындын курсуна көңүл буруп, туруктуураак металл рыногуна инвестиция салууну туура көрүшөт.

Ченелген куймалардагы баалуу металлдарды эсте каларлык жана баалуу белек катары колдонуу мүмкүнчүлүгү да бар.

Алтын куймасынын баасы анын салмагына жана Улуттук банктын www.nbkr.kg сайтында көрсөтүлгөн алтындын сатуу учурундагы курсуна жараша болот.

← Тизме боюнча артка