«Айыл Банк» ААКсы кардарларга «Аракетке-Берекет» кредиттик-депозиттик продуктусун сунуштайт

17.03.2022

«Айыл Банк» ААКсы кардарлар үчүн «Аракетке-Берекет» кредиттик-депозиттик продуктуну сунуштайт.

Бул продукт айыл чарбадан тартып соода жана ортомчулук операцияларга, өндүрүшкө жана кайра иштетүүгө чейинки бардык ишти каржылоого багытталган. Ошондой эле керектөө максаттары, турак жай сатып алуу, оңдоо жана куруу, автоунаа сатып алуу ж.б. үчүн.

Бул кредитти Кыргыз Республикасында катталган жеке жана юридикалык жактар ала алышат. Ал үчүн сизде «Аракетке-Берекет» кредиттик-депозиттик продуктусу менен ачылган депозиттик эсеп болушу керек жана баштапкы депозитке керектүү сумманы (долбоордун наркынын 30%) топтошуңуз керек.

Параметрлер Мазмуну
1 Кредит боюнча камсыздоо

1.Ипотека боюнча күрѳѳ катары сатып алына турган кыймылсыз мүлк.

2.Башка кредиттерге Банктын куроо саясатынын талаптарына ылайык

2 Чектѳѳлѳр Кредит сом менен берилет. Депозит кардардын наамында болушу керек.
3 Кредиттин мѳѳнѳтү

Ипотекага 84 айга чейин

Башка кредиттерге 36 айга чейин

4 Кредиттин валютасы Кыргыз сому
5 Депозиттин пайыздык чени Жылдык 3%
6 Депозиттин түрү Топтолмо
7 Депозиттин мѳѳнѳтү

- 12 ай;

- 24 ай;

- 36 ай.

8 Депозиттин минималдык суммасы 10 000 сом 
9 Кошумча тѳлѳмдѳр жана депозит боюнча чектѳѳлѳр

А) 5 000 сомдон кем эмес;

Б) Кошумча тѳлѳмдѳрдү кабыл алуу депозиттик келишимдин мѳѳнѳтү бүтѳрүнѳ 30 күн калганда токтотулат.

10 Пайыздарды төлөѳ аралыгы

Мѳѳнѳттүн аягында.

Келишим мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулса, пайыздарды тѳлѳп берүү "талап боюнча төлөнүүчү" депозиттин чени боюнча жүргүзүлѳт.

11 Кошумча шарттар

1) Депозиттик келишимдин мѳѳнѳтү бир жылдан ашса жана депозиттик эсепте алынуучу кредиттин/ипотеканын 50% кем эмес сумма топтолсо, кардар кредит/ипотека алганга мүмкүнчүлүккѳ ээ болот;

2) Кардар, үч жыл бою, ай сайын бирдей сумма депозиттик эсепке салып келсе, депозиттик келишимдин мѳѳнѳтү аяктагандан кийн жана депозиттик эсепте алынуучу кредиттин/ипотеканын 50% кем эмес сумма топтолсо, кардар кредит/ипотека алганга мүмкүнчүлүккѳ ээ болот;

3) Депозиттик келишимдин мѳѳнѳтү бир жылдан ашса жана депозиттик эсепте алынуучу кредиттин/ипотеканын 30% кем эмес сумма топтолсо, кардар кредитти/ипотеканы КР УБун эсептик чени + 6% менен алганга мүмкүнчүлүккѳ ээ болот.

Кредитти/ипотеканы кардар алаарда, топтолгон депозит баштапкы ѳздүк салым болуп эсептелинет.

Депозиттик келишимдин мѳѳнѳтү бүткѳндѳн кийин, алты ай аралыгында кардар кредит/ипотека алууга укуктуу.

12 Пайыздык чен

Ипотека боюнча: КР Улуттук банкынын эсептик чени+2%;*

Башка кредиттар боюнча: КР Улуттук банкынын эсептик чени+6%.*

13 Каржылоо ыкмасы Кредит/кредиттик транш
14 Кредиттин суммасы Ипотеканын максималдуу суммасы сатып алынып жаткан кыймылсыз мулктун баасынын 70% ашпашы керек.
15 Тѳлѳѳ тартиби Аннуитеттик тѳлѳмдѳр менен жана кардардын акча каражаттарынын агымына жараша жеке тѳлѳѳ тартиби каралат.

*КР Улуттук Банкынын эсептик чени жогорулаган шартта, ипотеканын боюнча: КР Улуттук Банкынын эсептик чени+ 2%; башка кредиттер боюнча КР Улуттук Банкынын эсептик чени+ 6 %;

* Натыйжалуу пайыздык чен: Улуттук валюта - 17,38 % дан жогору

← Тизме боюнча артка