Айыл Банкта “Ачык эшиктер күнү”!

03.10.2016

Бул мааракенин ачылышында расмий түрүндө «Айыл Банк» ААК башкармалыгынын төрайымы Жеенбаева Бактыгул Жаныбековна катышуучуларды куттуктап, Банктын жамаатына, кардарларына ыраазычылыгын билдирип, кыскача Банктын 20 жылдык мааракесине карата боло турган иш-чаралар менен таныштырып өттүү. Иш - чаранын бири, «Лейлектен Ак-Сууга чейин» аттуу Кайрымдуулук кербени 2016 жылдын 4 -11 октябырга чейин Баткен, Ош, Жалалабат, Талас, Нарын, Иссык-Кол облустарын кыдырат.

Кербендин программасында балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттарынын тарбиялануучуларына цирк артисттеринин оюн-зоок көрсөтүүлорү жана белектерди берүсүү камтылат. Бүгүн Банктын жааматы «Лейлектен Ак-Сууга чейин» аттуу Кайрымдуулук кербенин жол сапарына узатты!

Ачык эшиктер күнүнө дагы бир кубанычтуу окуя туш келди — бул эл аралык акча которуу тутумдардын арасында эң популярдуу болуп эсептелинген Юнистрим кардарлар арасында өтуп жаткан акциясынын жеңүүчүсүнө байгесин тапшыруусу болду.

Ошондой эле, биринчи 10 кардарга Айыл Банктын башкармалыгынын төрайымы Жеенбаева Б.Ж. эстелик -сувенирлерди тапшырды.

Салтанаттуу мааракеге атайын - орто окуу жайларынын студенттери, мугалимдери катышты. Банктын кызматкерлери студенттерге экскурсия өтүп, мекеменин өнүүгү тарыхын, бөлүмдөрдүн иш жүргүзүүсү тууралу айтты.

Ачык эшиктер күнүнүн келүүчүлөрү Банктын каржы продуктулары менен тааныша алышат.

Ачык эшиктер күнү өлкөбүздүн баардык аймактарда жайгашкан 32 филиал, 65 аманаттык кассаларда өткөрүлүүдө.

Ошондой эле, Банктын 20 - жылдык мааракесинин алкагында Айыл Банктын жамааты бүткүл республикасында жайгашкан борбордук аллеяларында, парктарда ишембилик өткөрүүсү пландаштырылган. 

       

      

← Тизме боюнча артка