«Айыл Банк» ААК «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына HOWO үлгүсүндөгү 50 техника жана 4 жүктөгүчтү лизингге берди

10.05.2022

«Айыл Банк» ААК «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына чиркегичтери менен 50 даана отуз тонналык HOWO жүк ташуучу унаасын, 4 фронталдык жүктөгүчтөрдү лизингге берди.

 «Айыл Банк» ААК Башкармалыгынын Төрагасы У.А.Букабаев жана банк өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына атайын техниканын ири партиясынын ачкычтарын салтанаттуу тапшыруу аземине катышты. Бул иш-чара Президенттин Кара-Кечеге жумушчу сапары учурунда болду.

 «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишкана калкты жана Бишкек ТЭЦин керектүү көлөмдөгү катуу отун менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында быйылкы жылы өндүрүш көлөмүн 1 миллион тоннага чейин жеткирүүнү пландоодо.

Белгилей кетүүчү жагдай, 2022-жылдын башынын берки 4 айды эле алсак, банк 656 млн. сомго 273 техника лизингге берди.

 

 

 

← Тизме боюнча артка