Агроөнөр жай комплексин кредиттөө

30.04.2022

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 16.03.2022-ж. 120-р буйругунун чегинде «Айыл Банк» ААКсы агроөнөр жай комплексин колдоо үчүн жеңилдетилген кредиттерди бере баштады.

“Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” мамлекеттик долбоордун чегинде:

  • Лизингке айыл чарба техникасын жана асыл тукум ийри мүйүздү малды  сатып алууга;
  • Сүт жана эт өндүрүүгө;
  • Тоок жумурткасын өндүрүүгө;
  • Шекер өндүрүүгө;
  • Жашылча-жемиштерин өстүрүүгө;
  • Өсүмдүк майын өстүрүүгө;
  • Картошка өстүрүүгө;
  • Дан өсүмдүктөрүнүн кластерлерин кошкондо агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү аркылуу агрардык секторду колдоо багытында 6 пайыздык  жеңилдетилген кредиттер берилет.

 

Бул долбоор боюнча жеңилдетилген кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгүнө төмөндөгүлөр ээ болуп саналат:

  • Айыл чарбасында иш жүргүзгөн фермердик чарбалар, жеке ишкерлер, жеке адамдар, үрөн өстүрүү, асыл тукум чарбалары, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн питомниктери, жоопкерчилиги чектелген коомдор жана акционердик коомдор.

 

“Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбооруна катышыш үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

  • Паспорттордун көчүрмөсү;
  • Никени катто/бузу жөнүндө күбөлүк;
  • Жашаган жеринен, үй-бүлөө, мал, жер  тууралуу маалым кат;
  • Бизнес план, чыгашалардын, курулуш, оңдоо сметасы жана улуксаат документтер;
  • Финансалык абалын ырастоочу документтер;
  • Юридикалык жактарга бухгалтерлик документтер;
  • Күрөө документтери;
  • Ижарага берилүүчү же алынуучу документтер.

талап кылынат.

 

Кредиттин суммасы жана мөөнөтү:

  • Дыйкан чарбаларга 500 миң сом, үч жылга чейин;
  • Жылдык акча жүгүртүүсү 1 млн. сомдон ашкан дыйкан чарбаларга 5 млн. сом, үч жылга чейин, эгер кластердик бирикменин катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде агроөнөр жай кластеринин мүчөсү болсо;
  • Калган катышуучуларга 150 млн. сом, беш жылга чейин, эгер кластердик бирикменин катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде агроөнөр жай кластеринин мүчөсү болсо.

 

 

 

← Тизме боюнча артка