Кыргыз Республикасынын лизингдик ассоциациясын түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

13.06.2022

 «Айыл Банк» ачык акционердик коому, «Улуттук индустриалдык лизинг-Кыргызстан» ЖЧКсы, «Аю-Лизинг» ЖЧКсы, «Кыргызстан лизинг компаниясы» ЖАК, «Бай Түшүм Банк» ААКсы, «Перекресток Авто Центр» ЖЧК бирдиктүү лизинг компаниясын түзүү боюнча меморандумга кол коюшту. Кол коюу «Лизинг-Евразия» башкы ассамблеясынын алкагында лизингди өнүктүрүү боюнча бизнес-миссиясында болду.

Бул меморандумдун максаты - анын катышуучулары Кыргыз Республикасында лизингди каржылоо инструменти катары өнүктүрүүгө, ишке ашырууга жана жайылтууга көмөктөшүү. Анын мүчөлөрү лизингдик операцияларды илгерилетүү үчүн  төмөнкүлөрдү жасашат:

- ижарага берүүчүлөрдү жана алардын корпоративдик максаттарга жетүү жана жалпы кызыкчылыктарды коргоо боюнча аракеттерин бириктирүү, кызматташтыкты кеңейтүү, ички жана тышкы рыноктордо ишкердик жигердүүлүк жана алардын ортосундагы кара ниет атаандаштыкка жол бербөө үчүн алардын ишкердик ишин координациялоо;

- Кыргыз Республикасындагы жана чет мамлекеттердин аймагындагы бардык мамлекеттик, жеке, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдарда Ассоциациянын мүчөлөрүнүн профессионалдык кызыкчылыктарын көрсөтүү жана коргоо;

- тарбиялык иш-чараларды уюштуруу аркылуу Ассоциациянын мүчөлөрүнүн квалификациясын жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу.

Ассоциациянын мүчөлөрү лизингдик сегментти өнүктүрүү финансы рыногун да, бүтүндөй Кыргыз Республикасынын экономикасын да туруктуу өнүктүрүү үчүн зарыл деп эсептешет.

 

 

 

← Тизме боюнча артка