CLAAS компаниясынын техникалары алынып келинет

13.06.2022

Бүгүн, 2022-жылдын 13- июнунда кызматташтыкты кеңейтүү максатында «Айыл Банк» ААКсы, "CLAAS GLOBAL SALES GmbH" машина куруу компаниясы, «Стандарт Агросервис Машина-трактор станциясы” ЖЧКсы ортосунда айыл чарба техникаларын жеткирүү боюнча контракты түзүлдү.

Кол коюу иш-чарасы "Германиянын экономика күнү"  бизнес форумунда болду. Ага “Айыл Банк” ААКсынын атынан Башкармалыктын Төрагасынын орун басары Уланбек Ногаев, "CLAAS GLOBAL SALES GmbH" машина куруу компаниясынан Алексей Зонин, «К.О. Стандарт Агросервис Машина-трактор станциясы” ЖЧКсынын директору Жылдыз Макеева катышты.

Тараптар кызматташтыкты чыңдоо менен Кыргызстандын айыл чарба тармагын кыйла натыйжалуу өнүктүрүүгө салым кошуу максатын көздөөдө. Бул контракт аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо, заманбап айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн ыңгайлуу шарт түзөт.

Маалымат үчүн айта кетсек, CLAAS компаниясы -айыл чарба техникасын чыгаруучу ири компания. Штаб-квартирасы Харсевинкел шаарында (Түндүк Рейн-Вестфалия) жайгашкан. Анын Европада, Азияда жана Америкада 13 фабрикасы бар жана аларда 11 миңден ашуун адам иштейт. Klass продуктыларынын ассортименти дан жана чөп жыйноочу комбайндарды, тракторлорду, пресс-подборщиктерди, чөп чаап-жыйноочу машиналарды, теле-транспортторду камтыйт. 2021-жылы жүгүртүү €4,797 млрд, таза киреше €272,6 млн. болгон.

← Тизме боюнча артка