2022-жылдын 7-июлуна карата «Айыл Банк» ААКсы тарабынан «Айыл чарбасын каржылоо-10» мамлекеттик программанын алкагында жалпысынан 1 969 752 000 сомго 3 198 кредит берилген.
Анын ичинен “мал чарбасы” багытында 1 130 815 000 сомго 1 962 кредит,
«өсүмдүк өстүрүү» багыты боюнча 515 372 000 сомго 1 118 кредит,
«айыл чарба продукциясын кайра иштетүү» багыты боюнча жалпы суммасы 322 365 000 сомду түзгөн 117 кредит берилген.