Алдамчылыктан сак болгула!

21.07.2022

Урматтуу кардарлар!

Интернетте онлайн сатып алууларды/сатууларды жүргүзгөндөрдүн төлөм карталарынан акча алуу менен алдамчылык операцияларынын түрү көбөйгөнүн эсиңиздерге салабыз.

Мындай чалуулар учурунда эч кандай банктык операцияларды жүргүзбөөнү, үчүнчү жактардын талабы боюнча картанын маалыматтарын бербөөнү жана карталарыңыздан/эсептешүү эсептериңизден акча которууларды жүргүзбөөнү суранабыз.

  • e-mail аркылуу, мессенджерлердеги, чаттардагы жана бейтааныш адамдардан келген социалдык тармактардагы билдирүүлөр аркылуу жөнөтүлгөн шилтемелерди баспаңыз;
  • эч кандай учурда жеке картанын маалыматтарын (картанын номери, жарактуулук мөөнөтү, CVV) бербеңиз;
  • чалуучулардын өтүнүчү боюнча карта менен эч кандай операцияларды жасабаңыз.

Алдамчылар бул маалыматтарды карта эсебинен акча каражаттарын алуу үчүн колдоно алышат.

Кылдат жана сак болгула!

← Тизме боюнча артка