"Айыл Банк" жана Росагролизинг кызматташуу келишимине кол коюшту

17.08.2022

"Айыл Банк” ААКсы Росагролизинг менен кызматташуу келишимине кол койду. Документке «Айыл Банк» ААКсынын төрагасынын орун басары Жанар Норузбаев менен «Росагролизинг» АКсынын башкы директору Павел Косов кол коюшту.

Аталган келишим топтолгон маалыматтык ресурсту сактоо жана өз ара пайдалануу, аны өнүктүрүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын эске алуу менен лизинг механизмдерин ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Салтанаттуу кол коюу аземи Ленинград облусунда 7-августтан 14-августка чейин өткөн Россиянын жер айдоо боюнча 9-ачык чемпионатында өттү.

Ленинград областынын Всеволожск районундагы Свердлов атындагы айылга Россиянын 40 областынан 60тан ашык мыкты механизаторлор чогулушкан. Бул жерде аграрчылар жана агроөнөр жай комплексинин аймактык органдарынын делегациялары бир аянтчада бардык акыркы үлгүдөгү Россиянын ата мекендик айыл чарба техникалары менен таанышууга, техникалардын демонстрацияларын жана сыноолорун көрүүгө, пикир жана тажрыйба алмашууга, кесиптик чеберчиликтерди жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле, мында келечектүү долбоорлорду талкуулоо, ишке ашыруу, өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүү, өздөрүнүн ийгиликтерин жарыялоо, оюн-зоок жана экскурсиялык программаларга катышуу шарты түзүлдү.

← Тизме боюнча артка