Айыл Банктын филиалдарында ачык эшиктер күнү!

03.10.2016

Ачык эшиктер күнү Чүй облусунда:

Кант филиалында Ачык эшиктер күнүнө Рыскулов атындагы №2 Кант орто мектебинин 8-9 класстардын окуучулары чакырылды, ал жерден окуучулар Банктын иши жөнүндө жана Банкта жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө толук маалыматты алышты. Ар кандай оюндар өткөрүлдү, алардын жыйынтыктары боюнча активдүү катышуучулар белектерди алышты.

  

Ачык эшиктер күнү Ош облусунда:

Ош-Датка филиалында иш чарага Түштүк аймагы боюнча “Белектер - мезгили” Юнистрим акциясынын жеңүүчүсү Дүшөбаев Н.М. чакырылды, ага, байге катары, телевизор тапшырылды. Акциянын жеңүүчүсү мындан ары дагы Айыл Банк менен кызматташууга ниетин билдирди. Филиалдын кызматкерлери Ош Мамлекеттик Университетинин Финансы жана Кредит, Бизнес Информатика адистиги боюнча Бизнес жана менеджмент факультетинин 2-курсунун студенттери жана мугалимдери үчүн саякат уюштурушту. Келген коноктор ыраазы болушту жана студенттер Банктын ишине кызыгып калышты.

  

Ачык эшиктер күнү Жалал-Абад облусунда:

Кардарлар филиалдын жана сактык кассалардын кооздолгон имараттарын көрүп таң калышты жана Айыл Банктын кызматкерлерин 20-жылдык менен куттукташты, Банкка өнүгүп-өсүүнү каалашты. Кызматкерлер келгендердин бардыгына Банктын тарыхы, көрсөткөн кызматтары жана продуктылары жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле Кыргызстандын Эл аралык Университетинин студенттери үчүн саякат уюштурулду. Жалал-Абад шаарында Ачык эшиктер күнү жакшы абалда өттү. 

  

Ачык эшиктер күнү Ыссык-Кол облусунда:

Ачык эшиктер күнүнө Каракол филиалына Тыныстанов атындагы Ыссык-Кол мамлекеттик Университетинин Экономика факультетинин студенттери үчүн саясат уюштурушту. Келген коноктор ыраазы болушту жана студенттер Банктын ишине кызыгып калышты.  

 

  

Ачык эшиктер күнү Нарын облусунда:

Кочкор филиалынын кызматкерлери Ачык эшиктер күнү Кочкор айылынын Ишеналы Арабаев атындагы орто мектебинин окуучулары үчүн Банк боюнча саякат уюштурушту. Кызматкерлер Айыл Банк жөнүндө айтып беришти, жана окуучуларды филиалдын ар бир бөлүмүнүн иши менен тааныштырышты. Окуучулар абдан кызыгып, банк жөнүндө көптөгөн суроолорду беришти. Эми алар Банк жөнүндө, банкта жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө түшүнүк алышты. Балдар саякат тийгизген таасири менен бөлүшүп, келечекте банкта иштегиси келет деп айтышты. Бир окуучу болсо сабактан кийин банкка келип билим алуу ниетин билдирди. Балдардын банк кызматкерлери болобуз деген максаты бизди абдан кубантты. Себеби, балдар – биздин келечегибиз! Балдар өлкөбүздүн жакшы, тарбиялуу, билимдүү жарандары болот деп ишенебиз.

  

 

 

 

 

← Тизме боюнча артка