“Лейлектен Ак-Сууга чейин” Кайрымдуулук кербени Баткен облусунда.

04.10.2016

Кербен, Баткен облусунда жайгашкан, Сулюкта мектеп-интернатына ийгиликтүү жетти. Бул мектепте 107 бала тарбияланат. Бул салтанаттуу иш чаранын ачылышында мектеп директору Р.Д.Джураевага, Лейлек филиалынын башкармасы А.Мажитовго жана Сулюкта шаарынын вице-мэри М.Э.Сапаркуловага сөз берилди. Салтанаттуу бөлүгүнөн кийин, цирктин артистери шаңдуу, кызыктуу оюндарын башташты. Балдар бир нече убакытка жомоктор дүйнөсүнө чөмүлүштү. Балдардын жана чоңдордун күчтүү сезимдерин айтууга болбойт! Аягында балдарга ар кандай белектер тапшырылды. Сулюкта мектеп-интернатынын жана Сулюкта ш. Мэриясынын өкүлдөрү, ата-энеси жок жана мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга уюштурулган ушул майрам үчүн, Башкармалыктын Төрайымы Б.Ж.Жеенбаева башкарган, Банктын жетекчилигине ыраазычылык билдиришти. 

  

  

  

  

 

← Тизме боюнча артка