«Айыл Банк» ААКсы Баткен облусунда жабыркагандарга 1 млн сом бөлөт

17.09.2022

Баткен облусунун чек ара аймактарында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу «Айыл Банк» ААКсы жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн 1 000 000 сом бөлөт.

Ошондой эле, «Айыл Банктын» кызматкерлери Баткен облусунунда жабыр тарткан тургундарына жардам катары бир күндүк эмгек акысын которууну чечишти.

«Айыл Банк» ААКсы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, тынчтык менен бейпилдиктин тез арада орношуна чын жүрөктөн үмүттөнөт.

← Тизме боюнча артка