“Лейлектен Ак-Сууга чейин” Кайрымдуулук кербени Жалал-Абад облусунда.

06.10.2016

Балдар үйү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан. Салтанаттуу иш чарага Сузак районунун социалдык маселелер боюнча акимдин орун басары А.Ж.Раманкулова, Сузак районунун эл агартуу бөлүмүнүн башчысы А.Мамбеталиев, ошондой эле Айыл Банктын атынын Жалал-Абад филиалынын башкармасы Т.Б.Акамбаев катышышты.

Цирк артисттеринин тобу балдарга татынакай, күлкүлүү жана шаттуу майрамды белек кылышты. Балдар артисттер койгон оюндарга активдүү катышышты. Балдар үйүндө тарбияланган балдар Айыл Банктын белектерине абдан ыраазы болушту. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү цирк артисттери көрсөткөн кызыктуу оюндар жана унутулгус таасирлер үчүн жана жетим балдарга бурулган көңүл үчүн Банктын жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.

 

← Тизме боюнча артка