«Айыл Банк» ААКсында Бүткүл дүйнөлүк лизинг күнү

10.11.2022

Бүткүл дүйнөлүк лизинг күнүнүн алкагында «Айыл Банк» ААКсы өнөктөштөрүн жана кардарларын чакырып, «Аталык Групп» ЖАКсына, «Автомаш-Радиатор» ЖЧКсына, «АгромашХолдинг-ТехСервис» ЖЧКсына, «Хово Центр» ЖЧКсына, «Синбей Групп» ЖЧКсына ыраазычылык каттарын тапшырды.

Yлүшү 95%дан ашык болгон рыноктун эң ири катышуучусу катары «Айыл Банк»  Кыргызстандын экономикасынын бардык тармактарында, биринчи кезекте айыл чарбасында лизингдик операцияларды мындан ары кеңейтүүнү зарыл жана маанилүү деп эсептейт. Айыл чарба техникасынын паркын тынымсыз жаңыртып туруу зарылдыгын эске алганда, өсүү мүмкүнчүлүктөрү арбын.

2022-жылдын 1-ноябрына карата «Айыл Банк» ААКсынын лизинг портфели 3,5 миллиард сомдон ашты. 2011-жылы лизингдик операциялар ачылгандан бери Банк 8,9 млрд сом суммасына 4 850 техниканы каржылады.

← Тизме боюнча артка