"Айыл Банк" Баткен шаарына лизингге автобустарды берди

22.11.2022

"Айыл Банк" ААКсы аркылуу 6 жылга лизингге алынган 6 автобус бүгүн Баткен шаардык мэриясына тапшырылды. 

Ар бир автобус 3 млн. 70 миң сомдон Баткен муниципалдык автобазасы үчүн атайын сатып алынган. Жергиликтүү бийликтин айтымында, Баткен шаар макамын алгандан бери биринчи жолу автобустар сатып алынып келди. Баткен шаарынын эли жаңы автобустардын келишине кубанып, "Айыл Банкка" ыраазычылыктарын айтышты.

Баткен шаардык мэриясы "Айыл Банк" менен кызматташып келет. Буга чейин да айыл чарба техникаларын лизингге алып, кутулушкан.

← Тизме боюнча артка