“Лейлектен Ак-Сууга чейин” Кайрымдуулук кербени Талас облусунда

07.10.2016

“Бек Нур” Балдар реабилитациялык борборунун балдары цирк артисттерин чыдамсыздык менен күтүп жатышты. Артисттердин оюнуна мектеп окуучулары жана бала бакчадан балдар дагы чакырылды. Кичинекей көрүүчүлөр, алар менен кошо чоңдор дагы артисттерди дүркүрөгөн кол чабуулар менен колдоп, өздөрүн цирк артисттери катары сезип, оюндарга активдүү катышып жатышты. Балдар абдан кубанып, жүзүнөн күлкү кеткен жок. Майрам абдан жакшы болду! Айыл Банктын кызматкерлери, адаттагыдай эле, кур кол менен келбестен, балдарга белектерди алып келишти. “Бек Нур” Балдар реабилитациялык борборунун директору Жоробекова Эрмек Алымбековна жана мекеменин жамааты балдарга көңүл бурганы үчүн конокторго терең ыраазычылык билдиришти.

 

 

 

← Тизме боюнча артка