Сузактагы “Дома-Ата” май чыгаруучу заводу “Айыл Банктын” менчиги, ал ачык сатыкка коюлган

07.12.2022

Сузактагы “Дома-Ата” май чыгаруучу заводу “Айыл Банк” ААКсынын балансындагы мүлк. Тагыраагы, банктын менчиги.  

Аны “Бакыт Төрөбаев тартып алды” делген маалымат чындыкка дал келбейт. 

2017-жылы банк заводдун мурдагы жетекчилигине насыя берип, аны төлөй албай калышкандан улам, заводду банктын балансына өткөрүп берген. Бирок, банк заводдун мурдагы ээсине кайра сатып алууга жетиштүү убакыт жана мүмкүнчүлүк берген.

Тилекке каршы, 3 жылдан ашык мөөнөт өтүп кеткенден улам, “Айыл Банк” аны ачык сатыкка койгон.

Демек, завод бүгүнкү күндө деле эркин сатыкта турат. Сатыкка коюлгандыгы тууралуу маалыматты банктын расмий сайтынан көрө аласыздар.

https://www.ab.kg/properties?page=2

“Айыл Банк” ААКсынын маалымат-кызматы

← Тизме боюнча артка