“Айыл Банк” кызылча заводдоруна лизингге лабаратория ачып, жабдыктар менен каржылады

12.12.2022

“Айыл Банк” ААКсы Кыргызстандын эң ири кайра иштетүүчү ишканаларынан болгон «Кошой» ААКсын жана "Кайыңды-Кант"ААКсын 35 млн сом өлчөмүндө 5 жылдык мөөнөткө 6% менен лизингге 6 лаборатория ачып, жабдыктар менен каржылады.

«Кошой» ААКсына 9 млн. сомдук, "Кайыңды-Кант"ААКсына 24 млн.сомдук жабдыктар алынып берди.

Маалымат катары:

«Кошой» ААКсы Сокулук районунун Шопоков шаарында жайгашкан кант кызылчасын өндүргөн завод. Кубаттуулугу суткасына 3000 тонна кызылчаны кайра иштетүүгө ылайыкташкан. 2020-жылдан баштап кант кызылчасын кайра иштетүү менен бирге суткасына 550 тонна кант камыш чийкисин кайра иштетүүдө.

"Кайыңды-Кант" ААКсы кант кызылчасын кайра иштетүүчү цех, суткасына 3500-4000 тонна кызылчаны кайра иштетип чыгарат. Ал эми кубаттуулугу бүгүнкү күндө 600 тоннага чейин жетет.

← Тизме боюнча артка