“Айыл Банк” баткендиктердин насыяларын кечет жана мөөнөттөрүн узартат

14.12.2022

13-16-декабрь күндөрү “Айыл Банктын” кызматкерлери Баткен облусунда жумушчу сапарда болушат.

Банкка 14-18-сентябрь күндөрү Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагалышуудан кийин аймактагы насыя алып, жабыркаган жарандардан кайрылуулар келүүдө. Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун жапа чеккендерге жардам көрсөтүү жөнүндөгү тапшырмасы бар.

Баткен боюнча быйылкы жылы жалпысынан 4 485 адам (1 млрд 513 млн.) насыя алган. Кагылышууда жабыркап, мындан улам Банкка кайрылгандардын реалдуу саны - 72 адам. 

Бүгүнкү күндө 42 адамдын арызы каралып, Банк тарабынан алардын насыялары (16 млн 584 354 сом) кечирилди. 

Калган арыздар каралууда.  

Жалпысынан Банк каза болгондордун кара кагазынын, тонолгон, өрттөлгөн, талкаланган мүлктөрү үчүн ӨКМдин, ИИМдин корутундуларынын негизинде насыяларды кечет жана мөөнөттөрүн узартат. Бул документтер факт жүзүндө болууга тийиш. 

← Тизме боюнча артка