«Айыл Банк» карттардын саны боюнча “Жылдын банкы” (QR код аркылуу сатып алуулар) деп табылды

20.12.2022

«Айыл Банк» карттардын саны боюнча “Жылдын банкы” (QR код аркылуу сатып алуулар) деп табылды.

Сыйлыкты «Элкарт» улуттук төлөм системасы ыйгарды.
QR кодун колдонуп сатып алуулар үчүн төлөө смартфонуңуздун жардамы менен көз ирмемде төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Төлөм жүргүзүү үчүн кардарлар смартфондун камерасы аркылуу QR кодун сканерлеп, төлөмдүн суммасын көрсөтүшү керек. Каражаттар сатуучунун эсебине заматта түшөт.

QR коддору аркылуу төлөм жүргүзүү тез жана оңой. Ал эми төлөм процессинин өзү жөпжөнөкөй.

Сиз жеке жактар үчүн НПС “Элкарт” картын «Айыл Банктын» каалаган филиалынан ачсаңыз болот. Картты чыгаруу акысыз, бирок NFC функциясы бар “Элкарт” картын ачууну кааласаңыз, анын комиссиясы болгону 100 сом.
 

← Тизме боюнча артка