12-январдан 17-январга чейин аномалдуу суукка байланыштуу “Кудайберген” көчмө кассасынын иши убактылуу токтотулат

11.01.2023

Урматтуу кардарлар!

12-январдан 17-январга чейин аномалдуу суукка байланыштуу “Кудайберген” көчмө кассасынын иши убактылуу токтотулат.

Касса 18-январдан тарта штаттык режимде иштей баштайт.

Көчмө касса «Кудайберген» автотетиктер базарында Салык кызматынын Биринчи май райондук башкармалыгынын кызматкерлери үчүн контейнерден курулган ижара-имаратта жайгашкан. Катуу сууктан улам жумуш орду жакшы жылыбайт.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-январдан тарта Кыргызстанда аномалдуу суук болорун маалымдаган.

← Тизме боюнча артка