“Айыл Банк” ААК, Орус-Кыргыз Өнүктүрүү фонду жана “Каинды-Кант” ААКтын ортосунда үч тараптуу Макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү

12.10.2016

2016-жылдын 12-октябрында, “Айыл Банк” ААК, Орус-Кыргыз Өнүктүрүү фонду жана “Каинды-Кант” ААКтын ортосунда үч тараптуу Макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү. Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын айыл чарба өндүрүүчүлөрүн насыялоосунун лизинг программасын ишке ашыруу аркылуу айыл чарба өсүмдүктөрүн, анын ичинде кант кызылчасын өстүрүүнүн заманбап механизациялык технологияларын өндүрүүгө багытталган.

Лизинг программасы, кант кызылчасын өстүргөн фермерлерге каржы кызматтардын берилишин караштырат. Программа айыл чарба машиналарды жана алардын асма жабдууларын жаңыртууга багытталган.

Бүгүнкү күнгө “Айыл Банк” ААК лизинг базарындагы үлүшүн 94%га чейин көбөйттү. Азыркы учурда Банк лизинг продуктысынын 10 түрүн сунуштайт.

Лизинг продуктыларын берип баштаган учурдан тартып “Айыл Банк” 2 млрд. сомдон ашык суммага, 1816 техниканын жана жабдуулардын сатып алуусун каржылады. 01.10.2016-ж. карата, банктын лизинг портфели 907,7 млн сомду түзөт жана республикабыздын банк тутумунда эң ири болуп саналат. 

← Тизме боюнча артка