21-январда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында республикалык кеңешме болуп өттү

23.01.2023

21-январда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында республикалык кеңешме болуп өттү. Ага облустук мамадминистрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, ошондой эле мамлекеттик фонддордун, Банктардын жетекчилери катышты. 

Жыйынга “Айыл Банк” ААКсы Башкармасынын Төрагасы Тилек Алимджанов катышып, 2022-жылга карата Банктын бардык багыттары боюнча көрсөткүчтөрүнүн өсүшү жана 2023-жылга карата масштабдуу пландары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Банк финансылык көрсөткүчтөр боюнча өлкөнүн банк секторунда алдыңкы орунду ээледи. Атап айтканда:

• Активдери, кредиттик портфели жана таза кирешеси боюнча негизги Банктар арасында 1-орунду;

• уставдык капиталдын көлөмү боюнча 3-орунду.

«2023-жылы аткара турчу көп иштер бар, алдыга ири максаттарды койдук. План боюнча жалпысынан – 22 595 млн. сом насыя берүүнү болжоп жатабыз. Бул сумма ипотекадан тартып, бардык тармактар боюнча каралган. Бул жылы биринчи болуп берилчү кредиттик жаңылык – бул ислам принциптери боюнча каржылоо болот», - деди Т.Алимджанов.

Банк Башкармасынын төрагасы ошондой эле приоритеттүү багыттардын ичинен Банктын санарип продуктуларын, атап айтканда “АБ24” мобилдик тиркемесин өнүктүрүүнү, Бангктын кошумча дагы 4 филиалын ачууну, тейлөө сапатын жогорулатууну, онлайн-кредитти кеңейтүүнү белгиледи.

← Тизме боюнча артка