13-февралдан баштап zakupki.kg сайтында «Айыл Банк» ААКсынын сатып алуу сессияларын өткөрүү пландалууда

02.02.2023

13-февралдан баштап zakupki.kg сайтында «Айыл Банк» ААКсынын сатып алуу сессияларын өткөрүү пландалууда.

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-ноябрындагы буйругуна ылайык, Банк мамлекеттик ишканалардын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин сатып алуулары үчүн zakupki.kg электрондук соода аянтчасын киргизүү боюнча пилоттук долбоордун катышуучусу болуп саналат. Анда уставдык капиталдагы үлүштүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык.

2023-жылдын 1-февралынан баштап, zakupki.kg сайтында каттоо бардык каалоочулар үчүн ачык-айкын жүргүзүлөөрүн белгилейбиз. Сатып алууларга тез жетүү үчүн системага алдын ала катталуу сунушталат.
Пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде порталдын иштеши акысыз, жүргүзүлүп жаткан сатып алуулар жөнүндө маалымат жалпыга жарыяланат.

Портал менен иштөө үчүн сизде электрондук санариптик кол тамга болушу керек.

← Тизме боюнча артка