«Айыл Банк» ААКсы сиздерди сак болууга жана үчүнчү жактарга жеке маалыматтарыңызды ачыктабоого чакырат

09.02.2023

Урматтуу кардарлар!

«Айыл Банк» ААКсы сиздерди сак болууга жана үчүнчү жактарга жеке маалыматтарыңызды ачыктабоого чакырат.

Акыркы учурда кыргызстандыктарга карата алдамчылык фактылары көбөйдү.

«Айыл Банк» эч кандай шартта сиздин жеке маалыматтарыңызды бөтөн адамдарга ачыктабоону сунуштайт. Алар:
• Мобилдик банкингиңиздин логинин жана сыр-сөздү
• Картыңыздын номерин
• ПИН-кодуңузду
• Картыңыздын жарактуулук мөөнөтүн
• CVV/CVC коддорун (коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде карттын арткы бетинде жазылган акыркы 3 сан)
• SMS менен келген ырастоо коддору (тексттик билдирүүлөр)

Сиздин каржылык коопсуздугуңуз үчүн биз сизге төмөнкү эрежелерди так сактоону сунуштайбыз:

1. Шектүү шилтемелерди баспаңыз жана жеке маалыматтарды, картыңыздын реквизиттерин киргизбеңиз;
2. Банктын расмий булактарына – веб-сайтына жана социалдык тармактардагы баракчаларына гана ишениңиз;
3. Телефон аркылуу картыңыздын номерин жана ПИН-кодуңузду бербеңиз;
4. Шилтемелер жана почта аркылуу шектүү программаларды жана тиркемелерди ачпаңыз.

Эгерде, сиз алдамчылык фактыларына туш болсоңуз же сиздин жеке маалыматыңызды басып алуу аракеттеринде шектенсеңиз, 24/7 убактысында Банктын Call-борборуна төмөнкү телефондор аркылуу кайрылыңыз:

0312/556/707/222/68-00-00.
0770 55-11-00 (WhatsApp).

← Тизме боюнча артка