13-февралдан тарта «Айыл Банк» ААКсы улуттук валютадагы «Керемет» жана «Кенч» депозиттери боюнча шыктандыруучу акциянын мөөнөтүн узартууда

07.02.2023

13-февралдан тарта «Айыл Банк» ААКсы улуттук валютадагы «Керемет» жана «Кенч» депозиттери боюнча шыктандыруучу акциянын мөөнөтүн узартууда.

Андыктан, Банктын кардарлары үчүн жогорулатылган чен менен депозит ачууга мүмкүнчүлүк пайда болду.

Белгилей кетсек, “Кенч” депозити – бул толуктоо жана алуу мүмкүнчүлүгү жок максималдуу пайыздык чендер менен белгилүү бир мөөнөткө белгилүү бир сумманы Банкка салууну каалагандар үчүн мөөнөттүү аманат.

"Керемет" – толуктоо мүмкүнчүлүгү бар аманат депозити.

Шарттарга ылайык, бул депозиттик продуктылар үчүн тарифтер төмөнкүдөй:

 

Келишимдин мөөнөтү (ай)

“Керемет”

“Кенч”

12

8 % + 3

10 % + 2

18

9 % + 3

10,5 % + 2

24

11 % + 1,5

12 % + 1

36

-

13,5 % + 0,5

Акция 2023-жылдын 31-майында аяктайт. 

← Тизме боюнча артка