“ЛЕЙЛЕКТЕН АК-СУУГА ЧЕЙИН” КАЙРЫМДУУЛУК КЕРБЕНИ НАРЫН ОБЛУСУНДА

10.10.2016

Иш чарага ошондой эле “Кадам” реабилитациялык борборунун 24 баласы чакырылды. Концерттин салтанаттуу ачылышында Нарын шаарынын мэриясынын социалдык-маданияттык өнүктүрүү секторунун башкы адиси Асангазы кызы Эльнура уюштурулган майрам үчүн Банктын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, балдарга тилектердин аткарылышын жана жыргалчылык каалап кетти.

Цирк артисттери, акробаттар, куудулдар күлкүлүү оюндар менен жана самын көбүктөрү менен балдарды абдан кызыктырышты. Бирок майрам ушуну менен гана чектелбестен, балдарга ошондой эле белектер тапшырылды. Кайрымдуулук концертинен үзүндү “Нарын ТВ” жергиликтүү телевидение боюнча көрсөтүлдү.

← Тизме боюнча артка