“ЛЕЙЛЕКТЕН АК-СУУГА ЧЕЙИН” КАЙРЫМДУУЛУК КЕРБЕНИ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДА

11.10.2016

Ак-Суу балдар үйүнүн жетим балдары мугалимдери менен бирге цирк артисттерин жана Айыл Банктын өкүлдөрүн майрамдык маанай менен тосуп алышты. Балдар Айыл Банктын 20-жылдыгына карата концертти даярдашып, Банктын кызматчыларын абдан таң калтырышты. Ак-Суу районунун социалдык коргоо боюнча акимдин орун басары Г.Т.Орозбаева иш чаранын уюштуруучуларына алкыш айтып, балдарга окууда ийгилик, ал эми Банкка мындан аркы өнүгүү каалап кетти.

Артисттердин концертине ошондой эле жакынкы мектептердин жана бала бакчалардын балдары чакырылды. Балдар конкурстарга активдүү катышышты. Цирк чеберлери менен жолугушуу балдарга чоң таасир тийгизди. Куудулдардын, сыйкырчылардын жана жонглёрлордун көрсөтүүсү абдан жакты. Ысык-Көл облусунун тургундары ушул иш чараны “Обул” жергиликтүү ТВ боюнча көрө алышты.

             

             

                    

      

 

 

 

← Тизме боюнча артка