"Айыл Банк" ААКсы «Санариптик Кыргызстан» эл аралык ПЛАС-Форумуна катышты

16.03.2023

Бүгүн, 15-мартта «Айыл Банк» ААКсы «Санарип Кыргызстан» эл аралык ПЛАС-Форумуна катышты.
Форумдун катышуучулары санариптик Кыргызстан концепциясын ишке ашырууга байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде мамлекеттик органдарга, банктарга, финтехтерге жана чекене соодага инновациялык технологияларды андан ары киргизүүнү карашты.

Банктын атынан куттуктоо сөзүн Башкармалыктын Төрагасынын орун басары Нурдин Мусуралиев сүйлөдү.

Ал мамлекеттик Банктын өлкөнүн санариптештирүүнүн өнүгүшүнө тийгизген таасири, ошондой эле банктык санариптик продуктулар жана каржы институтундагы санариптештирүү процесстери жөнүндө айтып берди.

Банк Башкармасынын Төрагасынын орун басарынын айтымында, санариптештирүү экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчү болуп жатат. Ошондуктан, экономиканын бардык тармактарынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда анын ролу жогорулаоодо. Банк сектору өз кезегинде өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана анын санариптик трансформациясы сөзсүз процесске айланып баратат.

«Учурда «Айыл Банк» ААКсы бардык деңгээлде санариптештирүү процесстерин активдүү ишке ашырууда. Өлкөдөгү эң ири Банктардын бири болуу менен калкка финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана албетте кардарлар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү – артыкчылыктуу маселелердин бири болуп саналат. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө “Айыл Банк” өз ишмердүүлүгүндө мезгилдин заманбап чакырыктарына толук жооп берген бир катар санариптик тапшырмаларды ишке ашырды», - деди Н.Мусуралиев.

← Тизме боюнча артка