«Айыл Банк» жана «ЖИА» Ассоциациясы кызматташуу маселесин талкуулашты

23.03.2023

«Айыл Банк» ААКсы жана «ЖИА» Ассоциациясы кызматташуу жана маалымат алмашуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу тараптардын жолугушуусунда белгилүү болду.

Ассоциациянын жетекчилигинин айтымында, “ЖИА” Кыргызстанда бизнес-чөйрөнү өнүктүрүүгө багытталган бардык демилгелерде Банкка керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр.

«Айыл Банк» жашыл экономика тармагындагы программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууда, тагыраак айтканда, Кыргызстандын жеке секторун жашыл каржылоо жаатында иш алып баргандыгын белгилейбиз.

Маалымат үчүн: «ЖИА» Ассоциациясы 2006-жылы түзүлүп, Кыргызстандагы 1 300дөн ашык чакан жана орто бизнести бириктирет. Ассоциация мамлекеттик институттар, эл аралык уюмдар жана жарандык коом менен ийгиликтүү кызматташат.

← Тизме боюнча артка