«Айыл Банк» Кыргызстанда Mastercard карталарынын эң мыкты дизайны үчүн сыйлык алды

27.04.2023

«Айыл Банк» Кыргызстанда Mastercard карталарынын эң мыкты дизайны үчүн сыйлык алды.

2022-жылдын 22-декабрынан баштап 2023-жылдын 22-февралына чейин «Айыл Банк» менен Mastercard эл аралык төлөм системасы ««Айыл Банк» ААКдан Mastercard картасын ачыңыз» эко-акциясын өткөрүшкөн.

Акция 2 этапта өттүү жана анын жыйынтыгында банк Mastercardтын «Кыргызстандагы эң мыкты карта дизайны үчүн» сыйлыгына ээ болду.

Mastercard - эл аралык төлөм системасы, дүйнөнүн 22 өлкөсүндө 210 миң финансы мекемесин бириктирген трансулуттук финансы корпорациясы.

← Тизме боюнча артка