«Айыл Банк» ААК менен «Mashreq Bank» эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты

02.05.2023

Бүгүн, 2-майда «Айыл Банк» ААК менен «Mashreq Bank» эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде корреспонденттик мамилелерди орнотуу мүмкүнчүлүктөрүн да карап чыгышты.

"Айыл Банк" ААК атынан куттуктоо сөзүн башкармалыктын төрагасы Тилек Алимжанов сүйлөдү.

Анын айтымында, эки тараптуу кызматташтык эки өлкөнүн банктарынын ортосунда жаңы перспективаларды ачууга мүмкүнчүлүк берет.

Эки тараптуу жолугушууга Mashreq Банктын атынан Аткаруучу вице-президент Aziz Аtа, вице-президент Aleksei Ustinov жана улук вице-президент Andreas Meletiou катышты.

«Mashreq Bank» өкүлдөрү өз кезегинде Кыргызстандагы эң ири банктарынын бири менен мамиле түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Белгилей кетсек, Mashreq Bank БАЭдеги 1967 — жылы түзүлгөн Жакынкы Чыгыштагы эң эски банк мекемелеринин бири. Бүгүнкү күндө бул өндүрүштөрдүн жана кызматтардын кеңири спектрин сунуш кылган универсалдуу банк болуп саналат жана 5 негизги чөйрөдө топтолгон кирешенин ар түрдүү булактарына ээ: коммерциялык жана инвестициялык банкинг; жеке банкинг; казына жана капитал рыноктору; шарият принциптерине ылайык келген эл аралык банктык кызматтар. Банктын 9 өлкөдө, анын ичинде Европа, АКШ, Азия жана Африкада 12 чет өлкөлүк өкүлчүлүгү бар.

← Тизме боюнча артка